Тышкы иштер министрлиги: "Египет жана Таиланддан келе албай жаткан мекендештер өлкөгө алынып келди"

Кыргыз өлкөсүнүн чек арасы жабылганына байланыштуу Египет жана Таиланддан келе албай жаткан мекендештер өлкөгө алынып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Коронавирустун алдын алуу жана жайылтпоо максатында чек аралар жабылганына байланыштуу айрым мекендештерибиз Кыргыз өлкөсүнө кире албай калышкан. 22-23-март күндөрү Тышкы иштер министрлиги ата мекендик туристтик операторлор менен биргеликте Казак тараптын колдоосу менен Шарм-эль-Шейхтен (Египет) 126 туристти жана Бангкоктон (Таиланд) 11 туристти алып келди. Туристтер Алматы эл аралык аэропортуна конгон соң Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери менен атайын транспорт аркылуу Бишкекке алып келинген.

Учурда бардык жүргүнчүлөр тиешелүү текшерүү жүргүзүү үчүн медициналык жайга жайгаштырылган", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
katerina.li
2020-03-23 10:20:44
Дайыр келген экен да акыры
+4
kechirmeni
2020-03-23 10:22:40
турган жерибиз андай мындай деп дагы суйлонот эми
+12
Dani
2020-03-23 10:41:34
kechirmeni,туура катындан айырмасы жок
+8
chake
2020-03-23 10:35:27
жакшы болуптур булардын да бала чакасы бар кутуп жаткан, 15 кундүк карантинде катуу көзөмөлгө алгыла баардык келип жаткан мекендештерди да
+12
nuri9999
2020-03-23 10:45:00
Баарынанда Дайыргул келдиби))) Египетте калып кете тургандай жаман болуп атты эле. Аны бироо зордоп египетке жоноткондой
+14
Bars88
2020-03-23 10:45:31
Дайыр жок болгондо келе албай калышмак)))Дагы эмне деп тантыйт экен ушу бут Кыргызстан учун дем алгансып жаман догурундуго
+10
JaneEr
2020-03-23 10:48:42
Кысчу жерин кысып,дагы арызданбай 14 кун кыймылдабай жаткыла эми келгенибизге шугур деп арыздана бербей былжырап
+12
bbek
2020-03-23 12:36:41
Дайыр эми обсервациянын шарты начар экен уйумо кетем деп наалыйт
+7
abusait
2020-03-23 14:55:14
Дайыр аман эсен жетип келишин менен. Бар бол.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан