Орусияда бүгүнкү күнгө карата коронавирус менен жабыркагандардын саны 93кө жетти. Бул тууралуу вице-премьер министр Татьяна Голикова коронавирус менен күрөшүү жана аны алдын алуу боюнча жыйында айткан деп жазышты орус басылмалары.
Жабыркагандардын ичинен 4 адам сакайды, калган 89 жаран стационардык дарыланууда, алардын экөөнүн абалы орточо деп бааланууда.
Өлкөнүн бардык аймактарындагы билим берүү мекемелери 21-марттан 12-апрелге чейин карантинге жабылат. Учурда бардык спорттук иш-чаралар убактылуу токтотулду. Мындан тышкары бир мекеменин ичинде 50дөн ашык кишинин катышуусундагы иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынды деп айтылат маалыматта.