Биз социалдык тармакта

Чүйдө дайынсыз болгон 3 өспүрүм кыз Баткенден табылды. Алар алдын ала сүйлөшүп алып, 17 жаштагы бала менен бирге качышкан

Чүйдө дайынсыз болуп изделген өспүрүмдөр Баткен облусунан табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-март күнү Аламүдүн РИИБине 37 жаштагы А.К. жана 35 жаштагы Т.Ы. аттуу жарандар кайрылышкан. Алардын кайрылуусунда 16 жаштагы кызы 10-март күнү үйдөн чыккан боюнча кайра кайтып келген эмес. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ыкчам иликтөө тобу изделип жаткан кыз Баткен облусуна кеткени боюнча маалымат алышкан.

"Баткен облусунан дайынсыз болуп жаткан өспүрүмдөр табылып, Бишкек шаарына 15-март күнү алып келинип, ата-энелерине өткөрүлүп берилген. Сотко чейинки өндүрүштө 3 өспүрүм кыз алдын ала сүйлөшүп алып, 17 жаштагы бала менен Баткен облусуна качып кетишкен. Алардын акчалары жок болгондуктан, таксистке Баткенге жеткенде ата-энелери тосуп аларын айтып, алдашкан. Бирок алар автобекетке жеткенде качып кетишкен. Кийин аларды милиция кызматкерлери кармаган", - деп жазылат билдирүүдө.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
rtuiop
2020-03-16 23:44:01
Зарыл жумушун болбосо зардалыда эмнен бар? Эмнелери бар болду экен
+7
Bermet068
2020-03-16 23:56:23
rtuiop,Эмне бир нерсеси болсо барайын дедин беле? Мээси жок учун барышты да, шоферду алдап убара кылып.Баткен десе эле кээ бир тушунугу томондор,оздорун Америкада жашагандай элестетип алышат.Ар ким озун биринчи таразалап анан башкаларга сын такса жакшы болот.Баарыбыздын акыр аягы эртеби кечпи барар жерибиз эки метр кара жер.Баткендин эли ыймандуу болушат.
+4
KG.Kushtarbek
2020-03-17 01:07:39
Bermet068,Альхамдулилла Озум баткенденмин Бирок озум макташ емес Чын бирок баткендин эли ыйман
+4
rtuiop
2020-03-17 17:29:48
Bermet068, барсам тосуп аласызбы? Оюмда алыыс Баткенге неге барышты экен деп жаздым! Баткендин эли ыймандуу эмес деп же дагы бир нерсе деп жамандап анан неге барышты деп окулуп атабы козунузго?!
0
talaa11
2020-03-17 00:32:39
Аа Жубарымбектер десе окшошкон чунактар жашсынарда кийин чонойгондо бул кылыгынарды эстеп кулсонор керек бири биринерди шылдындап
+4
kirgizstan
2020-03-17 01:26:02
сомтурооооп эле калышыптырго качаары качып алышып. Сууга тушкон мышыктай болуп.
+3
bratanyn
2020-03-17 07:55:37
Тартиби жок маңбаштар!
+3
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-03-17 13:35:14
Неге качыптыр.
0
souza.j
2020-03-17 13:46:15
Бала жыргаган экен да кыздарды гарремге алып барып.
-5
daniel87
2020-03-17 14:28:07
Мээси жок оспурумдор! эмне дейт элем ата энесине сабыр берсин, уул кызын ушундай доопарас чыкса ата - эненин шору, кудай ушундай уул кыздан сактаган болсун.
+2
Ankel
2020-03-17 15:18:03
Баткен десе край света деп түшүнүп алышканго. Же Баткенде бир дарыяны кечип өтсөң эле Америкада болуп калабыз деп ойлошту бекен...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан