Москва шаарында коронавирус менен жаңы жабыркаган 20 окуя катталды. Ооругандардын бири ымыркай

Орусиянын борбору Москва шаарында 20 жаңы коронавирус жуктурган адам аныкталды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар инфекция менен күрөшүү ыкчам штабына таянып жазып чыгышты.

Москвада коронавирус жуктурган 20 жаңы адамдын арасында ымыркай да бар. Ал инфекциянын жеңил түрү менен ооругандыктан, абалы жакшы. Коронавируска кабылгандардын дээрлик баары Европадан келгендер. Жаңы катталган 20 адамдын бири буга чейин Covid-19 аныкталган адам менен чогуу бир каттамда келгени маалым болду. Калган үчөө жуктуруп алган менен байланышта болушкан. 20 коронавируска кабылган кишинин айланасындагы адамдар да аныкталып, аларды да вируска текшеришүүдө. Жалпысынан Москва шаарында 53 вирус жуктургандар катталган.

Москвада коронавирус жуктурган 53 адамдын бири ымыркай
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sakura715
2020-03-17 12:39:05
Учоосу РФ териториясынан жуктурган,эч тарапка барбай туруп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан