Орусияда коронавируска каршы вакцинаны текшерүү үчүн ыктыярчылар тобу түзүлдү. Клиникалык тажрыйбалар үчүн адамдар эки топко бөлүнгөнүн орус басылмалары жазышат.
Ага ылайык, биринчи топко аскер адамдары киргени айтылат.
"Аскер адамдары өз каалоолору менен клиникалык изилдөөгө катышууну билдиришкен. Ал эми экинчи топко жөнөкөй жарандар кирген. Бул адамдар дагы өз ыктыяры менен катышып жатышат. Коронавируска каршы вакцина адамдарга карата текшерүү качан, кайсы датада жүргүзүлөрү белгилүү боло элек", - деп жазылат маалыматта.