Израиль пандемия учурундагы эң коопсуз мамлекет аталды

Коронавирус пандемиясы учурундагы эң коопсуз мамлекет деп Израиль табылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.

Маалыматка ылайык, алдыңкы үчилтикке Германия жана Түштүк Корея кирген.

Deep Knowlegde Group (DKG) уюму жүргүзгөн изилдөөлөрдө адистер өлкөдө чектөөлөр качан киргенине жана алар кандай масштабда болгонуна көңүл бурушкан. Мындан сырткары карантин канча убакка созулганын, аны бузгандарды жана мамлекет тарабынан калк үчүн көрсөтүлгөн экономикалык колдоону эске алышкан. Муну менен бирге эле Саламаттыкты сактоо системи, коронавирусту аныктоочу тесттердин жеткиликтүүлүгү дагы каралган.

Уюмдун айтымында, маалымат улам жаңыланып турат, мындан улам рейтинг да өзгөрүшү мүмкүн. Рейтингдин алдыңкы ондугуна Австралия, Тайвань, Гонконг, Жаңы Зеландия, Сингапур жана Япония кирген.

Мындан сырткары уюм пандемия учурунда кооптуу деп эсептелген өлкөлөрдүн да тизмесин жарыялаган ага Италия, АКШ, Улуу Британия, Испания, Франция, Швеция, Иран, Эквадор, Филиппин, Румыния жана Орусия кирген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Adilet2014
2020-04-23 10:53:12
Кайсы сайттан алынды... Кыргызстан дагы барбы экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан