Бүгүн, 17-мартта Жогорку Кеңештин эл аралык комитетинде өкмөттүн отчётун кароону башка күнгө жылдыруу сунушталууда.
Депутат Каныбек Иманалиев өкмөттүн отчёту жума күнү эле берилгенин айтты. "Жогорку Кеңештин бул чакырылышы акыркы жолу өкмөттүн отчётун кабыл алат. Ошондуктан шашпай кароону сунуштайм", - деди ал.
Ал эми депутат Абдывахап Нурбаев: "Вице-премьер Акрам Мадумаров жаңы эле кызматка дайындалды. Премьер-министрдин ордуна жооп бере алабы?" - деп сурады.
Акрам Мадумаров буга чейин өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп келгенин эскертти. Ал отчёт бергенге даяр экенин айтты.
Депутат Закир Шарапов өкмөт отчёт бергенге даярданып келсе, бул маселени кароо керектигин белгиледи.
Сунуштар добуш берүүгө коюлуп, жыйынтыгында өкмөттүн отчёту каралмай болду.