Жогорку Кеңештин депутаттары кийинки аптада аймактардагы шайлоочулары менен жолугушары айтылды. Бул тууралуу Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынын жүрүшүндө белгилүү болду.
Өкмөттүн отчётун кароону кийинкиге жылдыруу боюнча сөз болуп жатканда депутат Исхак Пирматов кийинки аптада депутаттар аймактагы шайлоочулар менен жолугушуу болорун айтты.
Буга чейин депутаттар 8-9-10-январь күндөрү өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алып барган.