Эрлан Абдылдаев тышкы иштер министри кызматынан кеткенден кийин жакшылыктар, жамандыктар болгонун айтты

Бүгүн, 17-мартта Жогорку Кеңештин комитетинде өлкөнүн Германиядагы элчи кызматына Эрлан Абдылдаевдин талапкерлиги каралды.

Анда депутат Чыныбай Турсунбеков Эрлан Абдылдаевдин тышкы иштер министри кызматынан кеткенине бир жарым жыл болгонун айтты. Депутат талапкерден бир жарым жылдан бери эмне иш менен алек болгонун сурады.

Эрлан Абдылдаев: "Үй-бүлөлүк маселелер менен алек болдум. Бир жарым жылда жакшылыктар, жамандыктар болду", - деп жооп берди.

Жыйынтыгында депутаттар анын талапкерлигин колдошту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан