Курсан Асановдун жан сакчысы Дамирбек Пайзылла уулу үй камагына чыгарылды

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жан сакчысы Дамирбек Пайзылла уулу бүгүн, 17-мартта үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын баш коргоо чарасы узартылды.

"7 айдан бери тергөө абагында отурдум. Жеке өзүмдүн көз карашым менен Курсан Асановго коюлган айыптарды толугу менен четке кагам. Курсан Асанов чыныгы генерал", - деп билдирген Дамирбек Пайзылла уулу.

Башкы прокуратура Курсан Асановдун иши боюнча кызматтык иликтөөнүн материалдары менен таанышып чыгып, ал материалдардын негизинде "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши ачылган. Сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү Аскер прокуратурасына өткөрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Alia82
2020-03-17 14:33:07
Какой молодец, до конца остается верным другом
+8
aydinnur
2020-03-17 14:43:24
Чынында азамат экен,Асановдой генералдар менен,жетекчисин сатпаган мындай жигиттер бизде саналуу гана калды..Озгочо акыркы уч жылдан бери..
+5
chake
2020-03-17 15:18:26
Кызыл пакетти шаарды аралап круиз кылып жүргөнүңдүн видеосун деле көрдүк го актанбачы чырагым
-5
Alimbek1000
2020-03-17 15:27:21
Курсан асановду саттыбы ошондо?
-7
Ali2016
2020-03-17 16:40:57
Alimbek1000, Наборот колдоду ушул бал аркылуу терс көрсөтмө алабыз деп кармап олтурушту
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан