Бүгүн, 17-март саат 15:00гө карата коронавирустан каза болгондор катталган алдыңкы 10 өлкөнүн тизмеси төмөндөгүчө:
1. Кытай - 3230 (9-мартка карата 3123)
2. Италия - 2158 (9-мартка карата 366)
3. Иран - 853 (9-мартка карата 194)
4. Испания - 342 (9-мартка карата 17)
5. Франция - 148 (9-мартка карата 19)
6. АКШ - 85 (9-мартка карата 21)
7. Түштүк Корея - 75 (9-мартка карата 50)
8. Улуу Британия - 56 (9-мартка карата 55)
9. Япония ("Diamond Princess" лайнери кошо) - 27+7 (9-мартка карата 12)
10. Нидерланддар - 24 (9-мартка карата 3)
Дүйнөдө коронавирустан улам каза болгондордун жалпы саны - 7 миң 155 адам. 9-мартта бул көрсөткүч 3 миң 825 киши эле, алдыңкы үчтүктө абал өзгөрбөгөнү менен, Түштүк Корея төртүнчүдөн жетинчи катарга, АКШ бешинчиден алтынчы сапка жылды, Испания менен Францияда абал начарлады. Улуу Британия менен Нидерланддар алдыңкы ондукта жок болчу.
Жогорудагы өлкөлөрдөн тышкары Швейцария (19), Германия (17), Филиппиндер (12), Бельгия (10), Ирак (10), Сан-Марино (7), Швеция (7), Индонезия (5) жана башка мамлекеттерде каза болгондор катталган.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.