Депутат Исхак Пирматов бюджеттик мекемелерде иштеген көп адамдар ипотекага доллар менен насыя алгандардын абалы эмне болорун сурады. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-мартта Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
"Бир күндүн ичинде доллардын курсу 3 сомго кескин өстү. Чек аралар жабылып турат, каржы каатчылыгы башбага баштады. Көптөгөн жарандар менен ишкерлер илгери үмүт менен насыя алышкан. Эми алардын андан аркы абалы кандай болот? Бюджеттик мекемелерде иштеген көп адамдар ипотекага доллар менен насыя алгандардын абалы эмне болот?", - деп сурады депутат.
Экономика министри Санжар Мукамбетов министрлик коммерциялык банктарга түз таасир тийгизе албай турганын, алардын ишин Улуттук банк жөнгө саларын, мындай абалда калган ишкерлерге жардамдашуу боюнча сунуштамаларын бергенин билдирди.