Ош шаарында жылуулук берүү 18-марттан тарта токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Ош шаарында 2019-2020-жылдын жылытуу мезгилинин аяктагандыгына байланыштуу жылуулук берүү 18-марттан тарта токтотулат.
Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кол койду. Калаа башчысынын буйругу жылуулук менен камсыздоочу обьектилерин 2020-2021-жылдын жылытуу мезгилине даярдоо иштерин баштоо жагы Ош жылуулук электр борборуна, «Жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасына, шаардык билим берүү башкармалыгына, саламаттыкты сактоо мекемелерине милдеттендирилди.