Экс-министр Нурланбек Шакиев: "Ишкерлерге салык каникулдарга баруудан башка олуттуу көмөк болбосо керек". КҮНСОБОЛ

17-мартка карата дүйнө жүзүндө коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 181 миң 584 болсо, алардын ичинен 7 139 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргыз-Кытай чек арасы 24-январдан тарта жабык турат. Ал эми Өзбекстан менен чек ара толугу менен жабылса, Казакстандын чек арасына чектөө киргизилди.

Кыргыз өкмөтү тарабынан тойлорду, маданий жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынып, соода, оюн-зоок жайларынын ишине чектөө киргизилди. Ошондой эле кинотеатрлар, түнкү жана компьютердик клубдарды жабуу боюнча чечими кабыл алынды. Бул тыюу салуу, чектөөлөр ишкерлерге оор келе турганы айтылууда.

SUPER.KG порталы "Коронавирустун алдын алуу боюнча өкмөт бир топ чектөө жана тыюуларды кабыл алып жатат. Ата мекендик ишкерлерди колдоо үчүн бийлик кандай чараларды көрүшү шарт?" деген собол салды.

Экс-министр Нурланбек Шакиев негизинен кыргыз өкмөтүнүн коронавируска карата ыкчам аракеттери колдоого арзый турганын айтты.

"Башкысы негизги азык-түлүктөрдүн баасына кызыл кулактыкка жол бербей тизгиндеп турганы да жакшы көрүнүш.

Ал эми ишкерлердин тарткан чыгымынын ордун толтурууга каржылык көмөк көрсөтүү жагы өкмөткө чоң кыйынчылык алып келет. Анткени өлкөбүздүн экономикасынын чама-чаркы чектелүү. Ашыкча каржы запасыбыз жок. Бюджет тартыштыгы ансыз да чоң болчу. Сырткы эл аралык каржы институттарынын көмөгүнө өтө муктажбыз. Салык жыйымдары буга чейин эле толук өлчөмдө чогулбай жаткан. Андыктан салыктардын айрым түрлөрүн кыскартууга мүмкүн эмес. Болгону салык каникулдарга баруудан башка олуттуу көмөк болбосо керек. Жок дегенде салыктарды жеңилдетүүнү караштырыш керек. Эң башкысы алдын ала чектөөлөр менен тыюулар аргасыз чара. Экономикалык зыяны минималдуу болгондой жагын караштырбасак кесепети абдан оор болот", - дейт Шакиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан