Депутат Акылбек Жапаров коронавируска байланыштуу жергиликтүү шайлоону жылдырууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн чакырып, маалымат угалы. Жергиликтүү шайлоону жылдыруу керекпи же электрондук түрдө добуш берүүгө өтүү керекпи? Бул боюнча аталган комиссия сунушун бериши зарыл", - деди Жапаров.
Жергиликтүү шайлоо 12-апрелге белгиленген. Бүгүн, 18-мартта Кыргыз өлкөсүндө 3 жарандан коронавирус аныкталды.