Вашингтон коронавируска каршы дары сыноодон ийгиликтүү өткөнүн жарыялады

Вашингтон коронавируска каршы дары сыноодон ийгиликтүү өткөнүн жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

"АКШнын президенти Дональд Трамп COVID-19 инфекциясын дарылоо үчүн колдонулуучу америкалык "Remdesivir" деген дарыны тез аранын ичинде колдонууга уруксат берүү боюнча сунушун билдирди. Мурда бул каражаттын коронавируска каршы күрөшүү эффективдүүлүгү боюнча илимий басылмаларда карама-каршылыктар айтылып келген. Бирок АКШнын Саламаттыкты сактоо улуттук институту дарыга карата апрель айында жүргүзгөн клиникалык сыноосу ийгиликтүү өткөнүн билдиришкен.

Алсак, "Remdesivir" к
линикалык сыноодо илдеттен сакаюуну 31 пайызга тездеткени аныкталган. Албетте, бул дарыны колдонуу ооруну 100 пайызга жеңет дегенге кепилдик бербейт. Бирок ал вирустун организмде жайылышын токтотуу менен эффективдүүлүгүн көрсөтө алганы тастыкталган. Дарыны ичкен бейтаптар айыгып, ооруканадан эки аптанын ичинде чыгышкан. Учурда дарынын коопсуздук деңгээли жана канча пайызга эффективдүү экени толук изилденүүдө", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан