"Сюй Чжиюн Кытай лидери Си Цзиньпин өлкөнү ири кризистик мезгилдерде башкара албай жатканын айтып, бул тууралуу социалдык тармактарга билдирүү жарыялаган. Билдирүүлөрдөн кийин укук коргоо органдары аны Гуанчжоу провинциясындагы кесиптешинин үйүндө жашынып жаткан жеринен таап, кармап кетишкен. Ошондой эле Сюй Чжиюнду жашырып жүргөн үй ээси жана анын уулу да камакка алынганы айтылат. Бирок көп өтпөй экөө коё берилген. Чжиюн буга чейин дагы нааразычылык акцияларын уюштуруп, ал үчүн түрмөгө отуруп чыккандыктан, достору ага көбүрөөк мөөнөт берилип калышы мүмкүн деп кабатыр болуп жатышканын билдиришкен", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин орусиялык белгилүү саясат тануучу Игорь Панарин англиялык агенттер коронавирустун арты менен Си Цзиньпинди бийликтен кетирүүнү көздөп жатат деген пикирин билдирген.
Маалым болгондой, коронавирус оорусу алгач Кытайдын Ухан шаарында чыккан. Бүгүнкү күнгө чейин коронавирустан жабыркагандардын саны 75 миң 198 болсо, каза болгондор 2009га жетти. Ал эми ооруканадан дарыланып чыккандар 14 миң 530ду түздү. Кытайдан тышкары коронавирус дүйнөнүн 20дан ашык мамлекетинде катталган.