Комузчу, ырчы Гүлнур Асанова менен алпаруучу Нурзат Токтосунова 27-февраль күнү Сауд Арабиясынан умра сапарынан келишкен эле. Алар сапардан келгенде текшерүүдөн кандай өтүшкөнүн жана азыркы абалы тууралуу SUPER.KG сайтына айтып беришти.
"Биз Нурзат эже экөөбүз умра сапарына 20-февралда барып, 27-февралда кайтып келгенбиз. Кыргыз өлкөсүнө келгенибизде "Манас" эл аралык аэропортунун паспорттук текшерүү жайынан атайын формачан медициналык кызматкер бизге камераны тосуп, дене табыбызды текшергендей болду, биз өтүп кеттик. Үй карантини же башка чара тууралуу эч нерсе айтышкан жок. Келгенден кийин өздүк гигиенаны сактап жатабыз. Абалым жакшы", - дейт Гүлнур Асанова.
Гүлнур айымдын сөзүн Нурзат Токтосунова да бышыктап, тепловизордон текшерилип, өтүп кетишкенин айтты. "Учурда абалыбыз жакшы", - деп билдирди Нурзат айым.