Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кытай өлкөсүнө дүйнөгө кеңири кулачын жайган COVID-19 вирустук инфекциясынын келип чыгуу себебин аныктоо үчүн атайын эксперттердин тобун жөнөттү. Бул тууралуу Женева шаарында өткөн брифингде Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү Маргарет Харрис билдиргенин чет элдик басылмалар жазышат.
"Эксперттердин тобунда эпидемиологдор жана зоологдор бар. Эксперттердин башкы максаты коронавирус жаныбардан адамга кандайча жукканын аныктоо. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул көз карандысыз эксперттердин ишине катышпайт", - деген Маргарет Харрис.
Буга чейин көз карандысыз эксперттердин тобу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун коронавируска каршы көрүп жаткан аракеттерин изилдей тургандыгы айтылган. Ошондой эле көз карандысыз эксперттердин тобу дүйнөнүн башка өлкөлөрү пандемияга каршы кандай чара көрүп жаткандыгына да көз салмакчы. Ал эми аталган уюмдун башчысы Тедрос Аданом Гебреисус дүйнө жүзүндө коронавирус пандемиясынан жаралган абал начарлап жаткандыгын жана көпчүлүк өлкө бул абалды толук көзөмөлгө ала электигин айткан.