Коронавируска каршы Орусия иштеп чыккан дары эффективдүүлүгүн көрсөтсө, Кыргыз өлкөсү аны сатып алганга даяр. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта онлайн маалымат жыйын учурунда саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.
"Мен департаментке бул маселе тууралуу атайын тапшырма бердим. Орусиялык кесиптештерибиз менен байланыштык. Азыркы тапта алар иштеп чыккан дары менен бейтаптарды дарылап, аны текшерип жатышыптыр. Эгерде дары коронавирусту дарылоодо эффективдүү болсо, биз аны сатып алганга даярбыз", - деди министр.
Айта кетсек, Орусияда илимий-өндүрүүчү борбор кытай жана француз тажрыйбаларына таянып, коронавирус инфекциясын дарылай турчу дарыны безгекке каршы колдонулуучу мефлохиндин негизинде иштеп чыккан.