Ирандан келген жүк ташуучу унаалар Кыргыз өлкөсүнө киргизилет. Бул тууралуу бүгүн,18-мартта тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов билдирди.
"Жүк ташуучу унааларга жана алардын айдоочуларына өлкө аймагына кирүүгө чектөө коюлбайт. Бул боюнча мамлекеттер арасында макулдашуу жүргүзүлгөн. Ирандан дагы жүк ташуучу унаалар киргизилет. Алар Азербайжанга келип, андан Орусияга, ал жактан Кыргыз өлкөсүнө келишет. Ал эми жүк ташуучу унаалардын айдоочулары карантинге жаткырылып жатат", - дейт Абдрахманов.