Бүгүн, 18-мартка карата Казакстанда 35 адам коронавирус менен жабыркап жатат. Маалыматты аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлайт деп жазышат казак басылмалары.
Жабыркагандардын 17си Алматы, 18и Нур-Султан шаарларында катталды. Буга чейин эки жашка чыга элек наристеден коронавирус аныкталган. Учурда анын апасы дагы вирус менен жабыркап жатканы белгилүү болду.
Жуктургандар Алматы жана Нур-Султан шаарында катталгандыктан, коронавирустун өлкөнүн башка аймактарына жайылуусуна жол бербөө үчүн аталган шаарларга 19-марттан баштап өзгөчө кырдаал киргизилди.