"Мага ишенгиле. Бул өлүмгө алып келчү оору экен". Атасы пневмонияга шектелип ооруканада жаткан Хабиб Нурмагомедов коронавирус боюнча дагестан элине кайрылды

Атактуу UFC мушкери Хабиб Нурмагомедов коронавирус инфекциясына байланыштуу дагестандыктарга өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылды.

"Ушул ыйык айда мен бардык дагестандыктарга жана мени тааныгандардын бардыгына кайрылгым келет. Көпчүлүк дагы деле кырдаалдын олуттуулугуна ишенишпейт. Биз дарыгерлердин кеңештерине жана өтүнүчтөрүнө кайдыгер мамиле жасаганыбыз менен, оорунун жайылышы күн сайын күчөп жатат. Бул ооруканалардын бүгүнкү күндө оорулууларга толуп жаткандыгына, адистердин жана дары-дармектердин жетишсиз болушуна алып келди жана ооругандардын саны күн санап саны өсүүдө.

Мага ишенип коюңуздар. Оору өлүмгө жеткизип жатат. Үйдө отуруп, дарыгерлерге жана ооруканаларга болгон жүктү азайтсак болот. Жакындарыңызга кам көрүңүз, аларды ашыкча үйдөн чыгарбаңыздар. Аллах баарыбызды ар кандай оорулардан коргоп, дүйнө жүзүндө бул оору менен ооругандарды айыктырат деп ишенем", - деп жазган мушкер.

Буга чейин Хабибдин атасы Абдулманап Нурмагомедов коронавируска шектелип ооруканага жаткырылганы жана вируска тапшырган тестинин жыйынтыгы чыга электиги тууралуу жазылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Nur777
2020-04-30 01:17:42
Кечиресиз,ишене албайм 100%,тем более гонорар алып жашаган кишиге..
+8
Agayu
2020-04-30 01:27:48
Правительство кимди кармашын билет .
+6
osor
2020-04-30 02:26:57
Все ложь Биздинда сокенин рейтинги жок эле эми минус 100 го карап кетип жатат Атамбаев болгондо давно Лукашенкага окшоп жесткий суйлоп элини ачка калтырбайт болчу
+2
Telibaitentek
2020-04-30 02:36:06
Сокеден караганда Атамбаев түзүк экен.
+11
jumaev0084
2020-04-30 02:51:32
Ушу созуно канча акча толоду экен ээ
+7
XATSAN125
2020-04-30 15:05:50
ХХХХ озун кудай сезип алганбы
+1
Aktan2018
2020-05-01 06:41:16
Сага караганда Маккгрегор адам экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан