Республикалык штаб: "Казакстандын жана Өзбекстандын чек араларынан жүк ташуучу унаалар тоскоолдуксуз кирип жатат"

Кыргыз-Казак жана Кыргыз-Өзбек чек араларынан жүк ташуучу унаалар өлкө аймагына тоскоолдуксуз кирип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, 17-мартта саат 16:00гө карата Кыргыз-Казак көзөмөл-өткөрмө жайларында жүк ташуучу унаалардын көп чогулганы байкалган эмес. Кыргыз өлкөсүнүн аймагына кирүүдө маселе жаралбаганын коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүнө жол бербөө жана анын алдын алуу боюнча штабдын жыйынында айтылды.

"Чек арачылардын айтымында, транзиттик жүк ташуучу чоң унаалардын чыгуусуна уруксат берилди. Бирок Казакстан жана Өзбекстан жүк ташуучу унааларды өз өлкөсүнүн аймагына коронавирус коркунучунан улам киргизбей жатканын айтышты.

Бул чектөөлөрдүн кабыл алынышынын себебин түшүнүп жатабыз. Казак жана өзбек тарап менен товарларды жеткирүүнү ишке ашыруусун карап чыгуунун зарылдыгы тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Мындан ата мекендик экспорттун өнүгүшү көз каранды. Анын үстүнө биздин өлкөдө коронавирустун чыккандыгы боюнча бир да учур каттала элек", - деди вице-премьер Эркин Асрандиев.

Муну менен катар Эркин Асрандиев жүк ташуунун трафиги тоскоолдуксуз булуш үчүн кошуна өлкөлөрдүн позициясы бир болуш керектигин айтты. Учурда тараптар тигил же бул өлкөгө жүк ташып баруу же алып келүүнүн бирдиктүү алгоритмин иштеп жатканын кошумчалашты маалымат кызматынан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан