КҮНСОБОЛ: Коронавирус Кыргыз өлкөсүндө катталды. Бул илдетти өлкөнүн аймагына өткөрүп жибергени үчүн өкмөт кандай жоопкерчиликке тартылышы керек? Нышанов: "Коронавирусту жеңгенге аракет кылышыбыз шарт"

Бүгүн, 18-мартта саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргыз өлкөсүндө коронавирус жугузуп алган 3 жаран аныкталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, алар 12-мартта Сауд Арабиясынан умра зыяратынан келишкен. Мындан улам бүгүн Сузак районунун аймагында өзгөчө кырдаал киргизилди. Коронавирус аныкталгандар менен бирге учакта 135 адам учуп келген. Илдет жугуп калган жарандар өлкөнүн аймагына кирген соң, обсервацияга алынган эмес. Айрымдар бул боюнча өкмөттүн ишин сындоодо.

SUPER.KG порталы "Коронавирус Кыргыз өлкөсүндө катталды. Өлкөнүн аймагына өткөрүп жибергени үчүн өкмөт кандай жоопкерчиликке тартылышы керек?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов коронавирусту жеңгенге аракет кылуу зарыл деген ойдо.

"Бул маселени чечип алгандан кийин жоопкерчилик тууралуу карашыбыз керек. Сузакта карантин болуп, шаарлардагы дарыканаларда, дүкөндөрдө дүрбөлөң башталды. Президент кайрылуу жасады.

Эми дүрбөлөң токтойт деп ойлоп жатабыз. Дүрбөлөң токтотулса, жоопкерчиликсиз адамдардын айынан вирус өтүп кеткен болсо, анда сөзсүз түрдө жоопкерчиликти укуктук жактан караш керек", - дейт Сайдулла Нышанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан