Депутат Улугбек Ормонов: "Коронавирус шалаакылыктан жайылып кеткен болсо, жооптуу адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек". КҮНСОБОЛ

Бүгүн, 18-мартта саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргыз өлкөсүндө коронавирус жугузуп алган 3 жаран аныкталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, алар 12-мартта Сауд Арабиясынан умра зыяратынан келишкен. Мындан улам бүгүн Сузак районунун аймагында өзгөчө кырдаал киргизилди. Коронавирус аныкталгандар менен бирге учакта 135 адам учуп келген. Илдет жугуп калган жарандар өлкөнүн аймагына кирген соң, обсервацияга алынган эмес. Айрымдар бул боюнча өкмөттүн ишин сындоодо.

SUPER.KG порталы "Коронавирус Кыргыз өлкөсүндө катталды. Өлкөнүн аймагына өткөрүп жибергени үчүн өкмөт кандай жоопкерчиликке тартылышы керек?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов коронавирус шалаакылыктан жайылып кеткен болсо, кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керектигин айтты.

"Алар чек арадан текшерилбей өткөн болсо cөзсүз түрдө жоопкерчилик болуш керек. Эгерде чек арадан текшерилгенде, анализди албай өткөрүп жиберилсе, анда ошол күнү кызматта тургандар сөзсүз түрдө жооп бериши зарыл. Коронавирус шалаакылыктан жайылып кетсе, жооптуу адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылышы шарт", - дейт Ормонов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан