Ош шаарында патрулдук милицияны түзүүгө алгачкы кадамдар башталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызматынын бош орундарына конкурс жарыялайт.
"Документтерди кабыл алуу 16-марттан 16-апрелге чейин жүргүзүлөт. Сынакка кайгуул кызматына иштөөнү каалаган бардык жарандар катыша алат. Аталган кызматтын жетекчисинен тартып, катардагы инспекторлор дагы сынак тартиби менен кабыл алынат. Кимде-ким кайгуул кызматынын жетекчилик, улук жетекчилик жана кенже жетекчилик курамында кызмат өтөөнү кааласа, Ош шаарынын Касымбеков көчөсүнүн №30 дареги боюнча кайрылуусу зарыл", - деп басма сөз кызматынан билдиришти.
Кошумча маалыматтарды төмөндөгү номерлер аркылуу алсаңыздар болот.
Байланыш телефондору: 03222 3-95-63; 03222 3-95-62; 0554-17-00-73.