Кыргыз Эл артисти Эгемберди Чалабаевге күйөө бала болгон актёр Анвар Осмоналиев: "Кечээ маңдайга жазганы болот деп 300 конокко ылайыкташкан той өткөрдүк"

Кечээ, 18-март күнү Бишкектеги тойканалардын биринде актёр Анвар Осмоналиев менен Кыргыз Республикасынын Эл артисти Эгемберди Чалабаевдин кызы Эл-Айдын баш кошуу тою болуп өттү. Тойго алдын ала даярданып алгандыктан, коронавируска байланыштуу тойду токтото алган жокпуз дейт актёр SUPER.KG порталына.

- Анвар, куш бооңор бек болсун! Тойду жакшы өткөрүп алдыңарбы?

- Кечээ тоюбузду ойдогудай өткөрүп алдык. Башында шаарда көп адам чогулган жерге барууга болбойт деп чектөө киргизгенине байланыштуу тойду кантебиз деп аябай баш катырдык. Ата-энем, кайната-кайненемдер, туугандар менен кеңешип, көп жылдан бери күтүп, пландап келген тоюбузду токтотпой эле коёлу деп чечтик. Үйлөнүү тоюбузга жалпы 300дөй конок чакырганбыз. Дээрлик баары эле келишти. Бир үйдөн 3-4 адам чакырган болсок, балдардын коопсуздугун ойлоп калтырып келдик деп ар бир үй-бүлөдөн бирден өкүл келди. Коноктор аз келсе деле капа болбой, түшүнмөкпүз. Той болор күнү "200дөй адам болобу-болбойбу, кандай кылалы?" деп чалып сурап чыгышты.

- Кечээ Кыргыз өлкөсүндө 3 жарандан коронавирус аныкталып, эл дүрбөлөңгө түштү. Ал эми коомчулукка эл көп чогулган жерге барбагыла деп эскертилди. Бул жактан алганда чоң жоопкерчилик болду да силерде? Ал жагын кандай чечтиңер? Текшерүү болдубу?

- Албетте, чектөөлөргө байланыштуу көп элди чакыргандыктан, бизде чоң жоопкерчилик болду. Бирок маңдайга жазганы болот дедик. Той учурунда тиешелүү органдардан келип тойду токтоткула деп талап кылышса кантебиз деген чочулоо болду. Күндүз той пландалган ресторанга санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл ишканасынын кызматкерлери келип текшеришкен. Досторум да барып кызматкерлерге жолугуп, биздин абалыбызды айтышса, алар түшүнүү менен бизге жоопкерчиликти тапшырып, уруксат беришиптир. Биз сейилдеп жүргөндө башка тиешелүү органдардан да келип текшеришти дешти. Ата-эне, аксакалдарыбыздын жоопкерчилигинде тойду өткөрдүк.

- Кайнатаңыз менен мурунтан тааныш болсоңуз керек?

- Эл-Ай экөөбүз бир короодо чоңойгонбуз. Андыктан кайнатамдар мени мурунтан билишчү. Бирок ошентсе деле кайнатамдан сүрдөп турчумун. Той белгиленип калганда кайнатам чакырып "Тазбаймат, кандайсың?" деп бооруна кысып, абалымды сураса, кубанычым коюнума батпай сүйүндүм. Ошондон бери мурункудай сүрдөбөй да калдым.

- Рахмат маегиңиздерге. Бактылуу болуңуздар!

Актёр Анвар Осмоналиев 16-мартта сүйүктүүсу Эл-Айга үйлөнгөн.

Актёр Анвар Осмоналиев жана жубайы Эл-Ай Чалабаева
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (36)
Makul
2020-03-19 18:15:31
Албетте эки жашка бакыт каалайбыз баарыбыз эле. Бирок мына ушундай жоопкерчиликсиздиктен кыргызга тез жайылышы мүмкүн. Тартип деген жок бизде. Мындай кырдаалда кылмыш жообуна тартыш керек, штрафтан айрым акчалуулар коркпой канча адамдын өмүрүн тобокелге салып өткөрө беришет. Тойду кечиктирип деле берсе болот да. Эми Кудай сактасын. Качан элибизге акыл кирет билбейм.
+11
Dani
2020-03-19 18:16:23
Колунардан не келет дегениби,дагы мактанып жазыптыр,кана кафе ресторан жабылганы,демек болоберет экенда буларга
+12
Alixan-Nookat.2015
2020-03-19 18:43:58
Маңдайыңа бир жерим сен элди ойло өзүңдү ойлобосоңда, бул тоготпогондук очойтуп айып пул салгыла. Шоу бизнестин өкүлдөрүнүн маданиятсыздыгы бул жакта дүйнө эли дүрбөлөңгө түшүп жатса бул кылганы туура эмес.
+11
satyke
2020-03-19 20:01:20
Бул жагы Декамерон болуп кетиптир го. 1348-жылы Флоренцияда элдер чумадан кырылып атышса биздин эл артистинин балдарына окшогондор шаардын сыртында эс алып эркеги аялы дебей сайрандандашкандай эле болуптур.Азаматтар соз жок кылыгынарга.
+4
bekbol2006
2020-03-19 21:24:22
Озунун кызыкчылыгын ойлогон акмактар коп. Кудай дагы сактанганды сактайт
+4
Firdaus-Muslim
2020-03-19 22:49:01
Кыргыз элим тартипке баш ийели, тартиптүү бололу ошондо баары жакшы болот.
Дүйнө эли дүрбөлөңгө түшүп жатса мынтип той өткөркөн туура эмес.
Бир аз сабырдуураак бололу.
+5
Kudayr
2020-03-19 22:56:00
Мыйзамдар карапайым элге эле иштейт
+8
Scorpion_09
2020-03-20 00:38:31
Эми медовый месяцты Уханьдан откоргуло ,ушунча болду...
+17
mirlan36
2020-03-20 02:43:52
Ооба туура элдер жоон эле ызуучу болуп жаткан жок.Бул жерде жоопкерчилик керек дуйно жузундо баардыгы дурболон болуп жаттышат булар той откоруп атат.Той болот тойдун эртеси дагы болот дегендей ощол жерден бироо ооруган болсочу? Ага ким жооп берет?Биздин тойбостор ушул учурда дагы акча алып анан кеттишти да жон кетпейт эле. Бул мамлекетке чыкынчылык деп ойлойм
+3
murgab2014
2020-03-20 07:53:06
Эки жаш бактылуу болсун. Адам эмес эле айбан экенсин кылба дедиби кылба оз
кызыкчылыгынды ойлоп, бизде онугуу жок дейбиз баарыбыз ушундай жоопкерчиликсиз мамиле кылабыз законго законду сыйлабайбыз анан прездент жаман зокон иштебейт деп ызылдайбыз . Эми ошол 300 адамды текшерип эки жашты карантинге алыш керек медовой месяцты откоруп жата берсин
+4
admin_portal
2020-03-20 09:55:44
kechirmeni, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
Эрежерлерге туура келбеген билдирүүлөр өчүрүлөт.
-2
almadai
2020-03-20 10:31:22
бийликке баш ийбегендик.
+1
Arstan18.18
2020-03-20 13:43:37
Арасында коноктор нараазы болуп шекшип келди бир ай шектенип жашайт анан кантип бактылуулук! Бизде той токтобойт ресторандыр алган продукталар баары бизнестда ошо чондорубузга карайт!
0
JenaOfisera
2020-03-20 14:15:19
Уйдон чыкпайлы,жоопкерчиликтуу бололу деп аткандар тойдо журот го..а кафе ресторандар жабылды деп кобурап атканынарчы...соз деле жок(((
0
mirlan36
2020-03-20 15:24:10
Той болсун туура бирок азыр эмес.Азыр баардыгы оорунун алдына алууну коздоп жаттышат булар болсо Кыргыз элине чыкынчылык кылып той беришти. Суроо туулуп жаттат биздин Президет чыгып элге кайрылуу жасады тойлорду токтотуп туруну булар жок ага каршы иш кылышты 300адам бул коп.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан