18-мартта Кыргыз өлкөсүндө коронавирус жуккан 3 адам аныкталган. Алар Сауд Арабиясынан умрадан кайтып келгени айтылган. Республикалык штаб эл көп чогулган жерлерге барбоону сунуштап, массалык иш-чараларга тыюу салган. Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 12-апрелге белгиленген. Ал эми үгүт иштери 13-мартта башталган. Жогорку Кеңештин депутаттары жана жарандык коом жергиликтүү кеңештерге шайлоону жылдырып турууну сунуштап жатышат. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул маселе кырдаалга жараша бир аптадан кийин чечиле турганын айтты.
SUPER.KG порталы "Коронавирус коркунучунан улам жергиликтүү кеңештерге шайлоо жылдырылышы керекпи?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов коронавирус жуктургандардын саны өссө, жергиликтүү кеңештерге шайлоо токтотулушу зарыл экенин белгиледи.
"Күндөн-күнгө коронавирус жуктурган адамдардын саны көп болсо, шайлоо токтотулушу шарт. Бул жерде эң биринчи шайлоо эмес, элдин саламаттыгы турушу керек. Ушундай абал болсо, эгер коронавирус жуктургандардын саны өспөсө, шайлоону өткөрсө болот. 15 күндөй абалды кароо зарыл. Ошого карата чечим чыгаруу керек", - дейт Тазабек Икрамов.