Экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов: "Жапатырмак аракетибиз буюрса, элибизди бул сыноодон ийгиликтүү алып чыгат"

"Жапатырмак аракетибиз буюрса, элибизди бул сыноодон ийгиликтүү алып чыгат". Бул тууралуу экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган билдирүүдө жазып чыкты.

"Кыргыз элинин башына акыркы бир кылымда эле түшкөн азап-тозок, алаамат күндөрдү кылчайып карасак 1916-жылдагы Үркүн, 1930-жылдардагы коллективдештирүү маалындагы машак терген ачарчылык, 1941-жылда башталган кан жуткан - Улуу Ата Мекендик согуш экен.

Журтубуздун башына келген ошол апаат заманда элибиз мүңгүрөп калбай бир муштумга түйүлүп, бир нанды бөлүшүп жеп, бирине-бири жөлөк болуп, жакшылыктан үмүтүн өчүрбөй, кайраттуулук, руханий зор күчтүн касиети менен тагдырдын сыноосун жеңип келген экен.

Улуттун башына түшкөн кыямат-сыноолорго туруштук бере албай, өлгөнгө көмгөн болуп, бири-бири менен тытышып отуруп, чачырап жок болгон элдер адамзатта ого эле көп болгон. Ушул маалда элибиздин интуитивдик сезимдери күч алып, алдыдагы кыйынчылыктарды жеңүүнүн жалгыз жолу сабырдуулук, айкөлдүк, кайрымдуулук, боорукерлик жана эң башкысы ынтымак деген адамдын өзгөчө маанилүү асыл сапаттары жыйырылып бир чоң касиетке айланышы, элибиздин эң чоң куралы деп эсептейм. Ушундайда колунда барлар, колунда жокторго кайрымдуулук кылып, айыл-апа чоң ынтымакка келип, жалпы эл дарыгерлердин, жергиликтүү бийликтин аракеттерине көмөк артып, ар бир атуул жеңил ойлуулукка алдырбай, жапатырмак аракетибиз буюрса, элибизди бул сыноодон ийгиликтүү алып чыгат!

Жалпы элдин духу, энергиясы, руханий күчү кылым карыткан кыргыздын чоң касиети".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан