Бүгүн, 19-мартта кечке жуук Бишкекте доллардын баасы көтөрүлүп кетти. Азыркы учурда 1 АКШ доллары 85 сомдон сатылууда. SUPER.KG порталы бул боюнча акча алмаштыруучу жайлар ассоциациясынын төрагасынын орун басары Думан Рыскуловго байланышканыбызда мындан ары доллар көтөрүлүшү күмөн экенин айтты.
"Доллардын көтөрүлүшүнүн себептеринин бири Орусиядагы учурда болуп жаткан экономикалык кырдаал. Биздин өлкөбүз ЕАЭБдин мүчөсү болгондуктан, Орусия менен көп байланышыбыз бар жана мигранттарыбыз ал жакта көп. Ошого байланыштуу Улуттук банк бүгүн долларды 84 сом 90 тыйындан сатты. Азыркы учурда доллар 85 сом болуп, туруктуу болуп турарына ишенебиз", - деп билдирди Думан Рыскулов.
Буга чейин Кыргыз өлкөсүндө 1 АКШ доллары 85 сомго чыгып кеткени кабарланган.