Коронавирус жуктуруп алганы аныкталган ноокаттыктар тууралуу кеңири маалыматты айта албайм дейт саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев.
"Коронавирус жуктуруп алганы аныкталган Ноокат районунун тургундары Ошко учуп келишкен. Алардан тест алынып, жыйынтыгы кечээ, 19-мартта чыкты. Учурда алар Ноокат райондук ооруканасында. Абалы канааттандырарлык. Ал эми жабырлануучулардын аты-жөнү, жашы тууралуу маалымат бербөөнү чечтим. Алардын жакындары, кошуналары бар дегендей... Мындан улам мен алардын ден соолугу тууралуу гана маалымат бере алам", - деди министр.