Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылынын айылдык кеңешинин депутаты, дарыгер Валерий Гаук пневмониядан улам каза болду. Бул тууралуу маалыматты аталган айылдын тургундары билдиришти.
Тургундардын айтымында Валерий Гаук айылдын активдүү жаштарынан болгон.
"Валерийди айыл жашоочуларынын баары жакшы билчү эле. Ал 4-июлда пневмониядан улам көз жумду. Өзү "Тез жардам" кызматында фельдшер болуп иштечү. Айылдык кеңештин депутаты катары көптөгөн айыл тургундарынын маселесин чечкенге жардам берип жүргөн. Өлкөдөгү акыркы кырдаалга байланыштуу ишин таштаган жок, адамдарга жардамын көрсөтүп жүрдү. Валерий 35 жашта эле болчу. Анын жубайы дагы фельдшер, ал балдары менен жалгыз калды", - дешти алар.