"Карантинге чейин эле мага окшогон энелерге иштеп, балдарын багуу оор болуп келген эле" деп баштады сөзүн Майрам Жумабаева аттуу жалгыз бой эне. Ал үч баланын энеси экенин жана балдары менен батирде жалгыз турарын SUPER.KG порталына айтып берди.
Азыркы абал Кыргыз өлкөсүндө жардамга муктаж үй-бүлөлөр дагы деле көп экенин көрсөтүп койду деген эне башынан өткөн жагымсыз окуя тууралуу айтып берди.
"Биз жашаган айылдын квартал башчысы келип, батирде жашагандардын тизмесин алып кеткен. Ал бизге "Азык-түлүк жактан жардамга муктаж жарандардын аты-жөнүн тактап жатам, жардам берилип калса, ушул тизме боюнча берилет" деп айткан. Кийинчерээк квартал башчысына кайрылганымда, жардам шаардагыларга берилбейт экен деген жообун айткан. Андан кийин дагы бардым. "Азык-түлүк өтө зарыл дегендерге эле берилип жатат. Анда дагы ар бир үйгө кирип, муздаткычтарын текшерип көрүп, эч нерсеси жок болгондорго гана бир аздан бердик" деген жооп алдым. Чынын айтканда бул сөз мага аябай оор тийди. Көңүлүм ооруп кайра келдим, өзүм үчүн гана эмес мага окшогон миң сандаган энелер үчүн көзүмө айласыз жаш тегеренди.
Карантин болбосо да жумушта иштеп, азык-түлүк таап кетмекпиз. Ансыз деле буга чейин чүрпөлөрүмдү эч кимден жардам сурабай, өзүм эле багып келгем. Эми биз эмне кылышыбыз керек? Бир кап ун үчүн муздаткычыбызды текшертип, үйүбүздү текшертебизби? Балдарымдын улуусу 14 жашта, кийинкилери 13 жана 3 жашта. Жолдошум кетип калган. Ага карабай, белди бекем бууп, балдарымдын келечеги үчүн күчтүү болууга туура келди. Мурунку жолдошум жардам көрсөтпөйт. Бирок мен эч кимден үмүт кылбай, балдарымды багып келгем. Карантин башталгыча "Мадина" базарына жумушка кирип иштеп, сүйүнүп алганбыз. Айла жок, үйдө отуруп калдык. Мындай шартта бардык эле үй-бүлөгө оор болуп жатса керек. Мен дагы учурда оор абалга туш келгендиктен, жардам сурап кайрылууга мажбурмун", - деп сөзүн аяктады ал.
Үч баласы менен батирде жашап жаткан энеге жардам бергиси келгендер 0552 251-135 номерине байланышсаңыздар болот.