Депутат премьер-министрдин отчётун комитеттер карай электе көпчүлүк коалиция караганы туура эместигин айтты

Депутат Улугбек Ормонов премьер-министрдин отчётун комитеттер карай электе көпчүлүк коалиция караганы туура эместигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-мартта Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

"Жогорку Кеңештин комитеттеринин чечими жок эле көпчүлүк коалиция премьер-министрдин отчётун карай береби? Көпчүлүк коалиция отчётту жакшы десе, комитеттер кандай баа берет? Биз дайыма арабаны алдыга коюп жатабыз", - дейт депутат.

Көпчүлүк коалициянын төрагасы Иса Өмүркулов 9 комитетинин 5 комитетинде отчёт каралганын айтты. "Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде кворум жок, бул маселе каралбай калыптыр. Кырдаалга байланыштуу бир аптага аймактарга кетип жатабыз. Отчётту карап койсок ашыкча болбойт", - дейт Өмүркулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан