Коронавируска байланыштуу абалдан улам Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине 30 миллиард сомго жакын акча түшпөй калары күтүлүүдө. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 20-мартта Жогорку Кеӊештеги башкаруучу коалициянын жыйынында ушундай деди.
"Ачыгын айтканда абал оор, бюджетке бир жылда бажы тармагынан 12-13 миллиард сом түшпөй калышы мүмкүн. Ал эми салык тармагынан 15 миллиард сом түшпөй калышы күтүлүүдө. Жалпы 30 миллиард сомдун тегерегинде маселе бар. Анткени салыктын түрлөрү кыскарып, жеӊилдиктер берилет. Айлык, пенсия, социалдык маселелерде көйгөй болбойт. Жылдык бюджетти кыскартып алып келебиз, азыр эл аралык донорлорду, кошумча булактарды издеп жатабыз. Бизнеске, ишкерлерге кантип жардам берүү керек дегендин үстүнөн иштеп жатабыз. Доллардын көтөрүлүшү да экспорт, импорт менен иштеген жарандарыбызга таасирин тийгизет", - деди Абылгазиев.
Жогорку Кеӊештеги башкаруучу коалиция өкмөттүн жылдык отчётун угууда.