Бүгүн, 20-апрелде Өкмөт үйүндө ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев шаардагы абал тууралуу онлайн маалымат жыйын берди.
"Бүгүн эртең менен шаарда адамдар аз санда жүрүп калганын байкадым. Анткени эскертүү иш-чаралары өтүп, шаардын жашоочулар менен сүйлөшкөндөн кийин, ушундай жакшы жыйынтыкка келдик деп ойлойм. Ошентсе да күн жылыган сайын көчөлөрдө, сейил бактарда балдар ата-энеси менен сейилдеп, велосипед тээп жүргөндөрү байкалууда.
Ата-энелерге кайрылат элем, балдарыңарга акыл-насаат айтып, аларга өзгөчө абал жөнүндө түшүндүрүп, колдон келишинче үйдө отуруңуздар. Кимде ким велосипед менен өзгөчө абалдын талаптарын аткарбай жана санитардык норманы сактабай көчөдө жүрсө, велосипеди убактылуу алынат", - деди комендант.