Бүгүн, 20-мартта өлкөдө коронавирус дагы үч жарандан аныкталганын жана алар Ноокат районунун тургундары экенин саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирген.
Буга байланыштуу Ноокат районунда өзгөчө кырдаал жарыяланган.
Жалпы өлкө боюнча анын ичинде Бишкек шаарында коопсуздук чаралары күчөтүлө баштады. Шаар тургундарында шаардын базарлары жабылбайт бекен деген суроо жаралууда.
Бул боюнча SUPER.KG порталы "Аламүдүн" базарынын администрациясына байланышканда, алар базар кадимкидей режимде иштей берерин билдиришти.
"Жаңы эле мэрияда өткөн жыйналышка катышып келдик. Алар базарлар жабылбай тургандыгын айтышты. Бирок өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен "Аламүдүн" базарынын администрациясы күндө дезинфекция иштерин жүргүзүп жатат. Базар жабылгандан кийин дагы бул процесстер жасалууда. Соодагерлер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, базардын ар бир кире беришине антисептикалык каражаттар коюлду. Андыктан базарга кирип-чыккан ар бир адам санитардык-гигиеналык эрежелерди сактап жатат. Ал эми базардын ичиндеги коомдук тамактануу жайларына келсек, 50 адамдык орунга чейин жайлар иштеп жатат. Калгандары жабылган", - деди базардын администратору Жаныбек Танакеев.