Калифорния университетинин окумуштуулары COVID-19 илдетинде каза болуу коркунучу 12 эсе жогору болгон ооруларды аныкташты. Анда кант диабети жана жүрөк-кан тамыр оорулары бар адамдарга коронавирус илдети өтө коркунучтуу экендиги айтылган. Бул тууралуу "MedicalXpress" басылмасына таянуу менен дүйнөлүк маалымат булактары жазып чыгышты.
Ага ылайык, адистер изилдөө жүргүзүп, кант диабети менен ооруган адамдар коронавируска кабылганда башка адамдарга салыштырмалуу 6 эсеге көбүрөөк ооруканага жатууга мажбур болору айтылган. Ошону менен оору аларда оор өткөндүктөн каза болуу коркунучу 12 эсеге көбүрөөк экени баса белгиленет.
Медиктердин айтымында, кант диабети коронавирус илдетинен улам абалы оорлошуп кеткен факторлордо экинчи орунда. Ал эми биринчиде жүрөк-кан тамыр оорулары турат.
Калифорния университетинин профессору Пракаш Дидванья кант диабети организмдеги иммундук коргоо фукциясын төмөндөтөрүн эскерткен. Ошондой эле ал кимдин кант диабети оорусу бар болсо, дарыгерлер менен тыгыз байланышта болуп, канттын деңгээлин текшертип турууну кошумчалаган. Мындан тышкары активдүү кыймылда болуп, уйку режимин сакташы керектиги айтылат маалыматта.