Бүгүн, 29-мартта өлкөдө коронавируска каршы эмдөө башталды. Алгачкылардан болуп саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев эмдөөдөн өттү. Андан соң орун басарлары, медицина кызматкерлери жана башкалар өтүп жатат. Эмдөө №7 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда өтүүдө. Жарандар эмдөөдөн кандай өтөт? Экинчи вакцинаны канча күндөн кийин алганга болот? Бул боюнча маалыматтар топтомун сунуштайбыз.
Вакцина алуу үчүн алгач келген жарандар аты-жөнүн такташат. Андан соң эмдөөдөн өтүүгө макулдугун берүү үчүн атайын документке кол коюп, уруксат кагазын алышат.
Кийинки этапта жарандар дарыгерлерге кирип, кан басымын текшертишет.
Андан соң атайын даярдалган бөлмөдө медайымдар эмдөө жүргүзөт.
Кийинки этапта эмдөө алган соң атайын даярдалган бөлмөдө жарандар жарым саат эс алып отурушат. Ал учурда жарандын жанында медицина кызматкери болуп, бейтаптын абалын текшерип турат. Эмдөөдөн өткөн адамга карта бейжик берилет. Анын ичинде бардык маалыматтар (эмдөөдөн өткөн убакыт, сааты) жазылган. Биринчи этапта вакцина алган жаран 25-28 күндөн кийин кайрадан экинчи эмдөө алат.
Эмдөө алып, эс алып отурган жарандардын бири ден соолугунда эч кандай өзгөрүү болбогонун, өзүн жакшы сезип жатканын айтып өттү.
Белгилей кетсек, эмдөө алгач Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө жана Ош облусунда башталды. Өткөн аптада өлкөгө Кытай Эл Республикасынан акысыз негизде COVID-19га каршы 150 миң доза SinoPfarm вакцинасы келген.