Дүйнөнүн 160тан ашуун өлкөсүнө тарап жаткан коронавирус пандемиясынан улам Сауд Арабиясындагы башкы мечиттер эшигин жапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматта айтылгандай, Мекке шаарындагы башкы мечит жана Медина шаарындагы пайгамбардын мечити коронавирустан улам жаралган эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жабылды. Коронавирустун өлкө аймагына жайылуусун алдын алуу максатында Сауд Арабиясындагы бир канча шаарлардагы мечиттерге күн сайын жана жума намазына келүүгө тыюу салынды. Мындай абал эпидемиологиялык абал турукташканга чейин уланмакчы.
Бүгүн, 20-мартка карата Сауд Арабияда 274 адам коронавирус менен жабыркап, алардын 8и айыкты. Каза болгон учур каттала элек. Аталган өлкөдө коронавирус менен жабыркаган алгачкы учур 2-мартта катталган.