Дүйнөгө тарап жаткан коронавирус тынчсызданууну жаратып жатат. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Аданом Гебреисус тышкы саясий ведомстволордун башчыларынын, өкүлдөрүнүн жолугушуусунда билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Уюмдун башчысы өз сөзүндө жаңы вирус пандемиянын потенциалына ээ экенин айтып, бирок кырдаал көзөмөлгө алынып жатканын кошумчалаган. Пандемия - (кыргызча: "жалпы эл") дүйнөлүк масштабда тараган оорунун жаңы түрү. Инфекциялык оорунун жаңы түрү пайда болуп, ал бүтүндөй мамлекетке жайылып жана анын аймагынан чыгып кеткенде пандемия жаралат. Пандемияда көпчүлүк адамдардын вируска иммунитети болбойт. Мурун болуп өткөн пандемияда вирустун алып жүрүүчүлөрү жаныбарлар болгон.
"Тедрос Аданом азыркы коронавирус менен болуп жаткан кырдаалга байланыштуу "пандемия" деген сөздүн колдонула башташы, фактыларга дал келбей турганын айтат. Ал дүйнө элдерин өздөрүн колго алуусун суранып, ошол эле учурда потенциалдуу түрдө чыныгы пандемиянын башталышына даяр болушу керек экендигин эскерткен. Айтымында, учурда коронавирус менен күрөшүүнүн универсалдуу ыкмасы жок, андыктан ар бир мамлекет вирустун жайылып кетүү деңгээлин жеке жагдайларга карап баалаш керек экенин билдирген", - деп жазылат маалыматта.
Учурда коронавирустан 2 миң 699 адам каза болгону маалым. Ал эми 80 миң 75 киши коронавирус жуктуруп алганы аныкталса, 27 миң 508 адам дарыланып, ооруканадан чыгарылган.