Дүйнөгө тарап жаткан коронавирус Улуу Британияны да айланып өткөн жок. Анын кесепетинен жабыркап жаткан адамдардын саны күн санап өсүүдө. Мындай кырдаалда коомдук тартипти бузгандар да жок эмес. Лондондо арак уурдаган морадёрлор кармалганын чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматта жазылгандай, Лондондун түштүк аймагында жайгашкан дүкөндөрдүн биринен арак уурдоого шектелген 6 адам кармалган. Алар аракты кийимине катып чыгууга аракет кылышкан. Бирок алардын иш аракети дүкөндүн кызматкерлеринин көз жаздымында калган эмес. Дүкөндүн кызматкерлери кылмышкерлерди кармоого аракет кылышканы менен алар дүкөндүн витринасын сындырып, качып кетишкен. Көп өтпөй полиция кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Алар "уурулук" жана "бейбаштык" беренелери менен кылмыш жоопкерчилигине тартылмакчы.
Лондон полициясынын айтымында, акыркы күндөрү өлкө аймагында бейбаштык учурлар көп катталууда. Ошондой эле Улуу Британиядагы көптөгөн дүкөндөрдүн витриналары бошоп калганы айтылат. Бул кырдаал коронавирус менен да байланыштуу болууда.
Бүгүнкү күндө Улуу Британияда коронавирус менен 2716 адам жабыркап жатат.