Түштүк Кореяда коронавирус жуктуруп алгандардын дээрлик 90 пайызы сакайды

Түштүк Кореяда апрель айынан бери сутка ичинде коронавирус жуктуруп алгандардын саны алгачкы жолу 100 кишиден ашты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги берген маалыматка таянуу менен жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Андагы маалыматка ылайык, акыркы бир сутка ичинде 113 адамдан коронавирус илдети аныкталган. Бул көрсөткүч менен өлкөдө коронавируска кабылгандардын жалпы саны 14 миң 92 адамды түздү. Өткөн суткада 49 адам бул илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылган. Илдетти жеңгендердин жалпы саны 12 миң 866 адамга жетти. Бул ооругандардын 91,3 пайызы айыкты дегенди түшүндүрөт. Ал эми вирустан каза болгондордун саны 298 адам.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
akmanai
2020-07-25 11:32:42
Тажрыйба менен болушкуло деп суранса болсо керек ээ
0
Moskva93
2020-07-25 12:48:19
Тажрыйба бар мамлекетте. А элдерде тажырыйба жок да. Тоолордо шашлык базарларда без маска жана тойлор
0
Bakbai
2020-07-25 15:01:46
Moskva93,ооба туура айтасыз .биздин кыргыздар акылсызыраак экенбиз .топтолуп шашлык аш .той .колдо журушот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан