Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму вакциналарды патенттөөнү токтотуп туруу боюнча сунушту колдойт

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Аданом Гебрейесус АКШ администрациясынын COVID-19 вакциналарын патенттөөнү убактылуу токтотуп туруу боюнча чечимин колдой турганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматта айтылгандай, ДССУнун башчысы бул чечимди пандемияны мүмкүн болушунча тез арада токтотууга багытталган тайманбас кадам деп атады.

"Мен АКШнын бардык адамдардын жыргалчылыгына багытталган вакцина жөнүндө тарыхый чечимине таазим этем. Эми бардыгыбыз биргеликте окумуштуулардын тапкычтыгы менен жасалган COVID-19 вакциналарына таянып, ыкчам жана тилектештик менен аракет кылалы", - деди Гебрейесус.

Буга чейин АКШнын соода боюнча өкүлү Кэтрин Тай билдирүү таратып, COVID-19 пандемиясынын кесепеттеринин алдын алуу үчүн шашылыш чараларды көрүүнү талап кылган. Ал бул үчүн вакциналарды патенттөөнү токтотуп туруу керектигин кошумчалаган.

Ошондой эле АКШ Дүйнөлүк соода уюму менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жеке сектор жана башка өнөктөштөр менен вакцина өндүрүшүн көбөйтүү жана жайылтуу боюнча иш алып барат деп айтылат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан