Биз социалдык тармакта

Министрдин орун басары: "Медицина кызматкерлерине алган айлыгынан тышкары 10 миң сомдон 25 миң сомго чейин кошумча акча бөлүнөт"

Медицина кызматкерлеринин айлыгына кошумча каражат каралат. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков онлайн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, алардын буга чейин алып жүргөн айлыгы сакталат. "Мындай оор кырдаалда иштеп жаткан дарыгерлерге кошумча каражат берилет. Аларга өзүнүн маянасынан сырткары 10 миң сомдон 25 миң сомго чейин кошумча акча берилет", - дейт ал.

Ал коронавируска каршы күрөшүүгө бөлүнгөн 30 миллион сом дарыгерлердин айлык-акысына эмес, беткаптарды, коргоо костюмдарын, изоляторду ачууга керектүү атайын шаймандарды сатып алууга жумшала турганын айтты.

Кыргыз мамлекетинде коронавирус жуктурган дагы 6 жаӊы учур катталды. Ооругандардын жалпы саны 12 адам.

18-мартта Сузакта коронавирус үч кишиден аныкталган. Кечээ, 20-мартта Ноокатта коронавирустун жаңы 3 учуру катталганы жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
madina.87
2020-03-21 10:09:03
Каерде берилген мындай 10миң сомдон 25миң сомго чейин айлык,ким алыптыр!!!
Менин врачым эпидемиолог-инфекцианист 40 жылдан ашык стажы менен 6400сом айлык алат.Медсестралардын айлыгы 3900сом,4миң сом бир ставка менен...
-2
portugalia
2020-03-21 10:28:35
madina.87,Эми берилет деп жатат.
+4
madina.87
2020-03-21 10:33:39
portugalia,10миңден 25миңге чейин алып жүрүшкөн деп жатат,
көзүңдүн жыртыгын чоң ачып кайра оку.
-1
kechirmeni
2020-03-21 10:57:10
madina.87,Анын айтымында, алардын буга чейин алып жүргөн айлыгы сакталат. Аларга өзүнүн маянасынан сырткары 10 миң сомдон 25 миң сомго чейин кошумча акча алышат", эми эле турган окшойсун тууганым
+1
portugalia
2020-03-21 10:34:48
Оз жандарын тобокелге салып иштеп жаткан мед.кызматкерлер бар болгула!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан