Өлкөдө коронавируска чалдыккан жалпы 12 адамдын жарымы аялдар, жарымы эркектер экени айтылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков онлайн маалымат жыйынында билдирди.
"Алардын жаш-курагы 45тен 75 жашка чейин. Улгайгандардын айрымдарында кант диабети сыяктуу кошумча дарттары бар. Бул жарандардын бардыгы изоляцияга алынып, тийиштүү тартипте дарыланып жатат", - дейт Исаков.
Кыргыз мамлекетинде коронавирус жуктурган дагы 6 жаӊы учур катталды. Ооругандардын жалпы саны 12 адам.
18-мартта Сузакта коронавирус үч кишиден аныкталган. Кечээ, 20-мартта Ноокатта коронавирустун жаңы 3 учуру катталганы жарыяланган.