Германиялык вирусолог коронавирустун жаңы белгилерин атады. Алар даам жана жыт сезбей калуу менен ич өтүү

Германиялык вирусолог Хендрик Штреек чет элдик басылмаларга берген маегинде бүтүндөй дүйнөнү каптап жаткан коронавирустун жаңы белгилерин атады.

Штреектин айтымында, аталган вируска кабылган адамдарга илдет тууралуу суроолорду узатканда алар окшош белгилерди айтышкан. 70 пайызга чукулу вируска чалдыккан маалда бир нече күн бою даам жана жыт сезбей калганын билдиришкен. Мисалы, бир адам шампунун жытын сезбей калганын, дагы бири тамак даамсыз болуп калганын айткан.

Ошондой эле сурамжылоого катышкан оорулуулардын 30 пайызы вирус жуктуруп алган маалда ич өткөк менен жабыр тартканын маалымдашкан.

Вирусолог вирустун тез жайылып жаткан себептеринин бири катары ал айрым учурда эч кандай белгилери жок өтүп кетерин айткан.

Коронавирустун башкы белгилери бул жөтөл жана дене табынын жогорулашы болуп саналат. Кененирээк бул шилтемени басып өтүп, билип алыңыз.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан