Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Вьетнамдагы коркунучтуу делген вирус боюнча билдирүү жасады

Вьетнамдын Дананг шаарындагы коронавирус инфекциясынын жаңы түрү эч кандай коркунуч жаратпайт. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Вьетнамдагы өкүлү Кидон Парк билдирген.

"Вьетнамда табылган вирус башка өлкөлөрдө июль айында катталган коронавируска окшош. Вирустун ушул айлануучу түрлөрүндө мутациялар пайда болгонуна карабастан, Дананг шаарында катталган вирус боюнча тынчсызданууга негиз жок", - деген Парк.

Буга чейин Дананг шаарында катталган вирус кооптуу жана тездик менен көбөйөрү кабарланган. Буга байланыштуу Вьетнам бийлиги Дананг шаарын толугу менен жапкан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан