Казакстан парламентинин Сенатынын төрайымы Дарига Назарбаеванын Кыргыз мамлекетиндеги расмий иш сапары кийинкиге жылдырылды

Казакстандын парламентинин Сенатынын төрайымы Дарига Назарбаеванын 16-17-мартка мерчемделген Кыргыз мамлекетиндеги расмий иш сапары кийинкиге жылдырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечим Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков менен Казакстан парламентинин Сенатынын төрайымы Дарига Назарбаеванын телефондук сүйлөшүүсүнөн кийин кабыл алынды.

Парламент жетекчилери Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйнө жүзү боюнча коронавирус пандемиясын жарыялагандыгынан улам боордош эки өлкөдө илдеттен сактануу багытында көрүлүп жаткан чараларга ылайык пландалган сапарды жылдыруу керектигине токтолушту. Ошондой эле бир тууган эки элдин саламаттыгын тилөө менен калыптанган достук мамиленин өнүктүрүү багытында сүйлөшүштү.

Мындан тышкары телефондук баарлашууда эки мамлекет ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштардын учурдагы абалы талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты жигердүү улантуу зарылчылыгы белгиленди. Ошону менен бирге депутаттык достук топторунун деңгээлинде да тыгыз кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу сөз болду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан